19-февраль: түнкүсүн кар жаайт, күндүз туман түшөт

19 февраля 2018 07:08 631 Barometr
Поделиться в:
ok

19-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөй. Күндүз кар жаабайт. Кээ бир райондордо туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…5; Талас жергесинде түнкүсүн -11…-16, күндүз 1…6; Баткен облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10; Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2; Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -29…-34, күндүз -10…-15;

19-февралда Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -9…-11° суук, күндүзгү жогорку температурасы 2…4° жылуу болот.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11802



Добавить комментарий