Иранда учак кулады, ТИМ кыргызстандыктардын бары-жогун текшерүүдө

18 февраля 2018 20:38 704 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иранда болгон авиа кырсыктын кесепетинен жабыркаган кыргызстандыктар барбы же жокпу тактап жатат. Бул тууралуу бүгүн 18-февралда  ТИМдин кызматкери Айымкан Кулукеева билдирди. 

Кыргызстандын Ирандагы элчилиги берген алдын ала маалыматтарга таянсак,  18-февралда болгон жабыркаган жана каза тапкан 66 адамдын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

Эскерте кетсек, бүгүн 18-февралда жүргүнчү учак Ирандын Семир шаарынын аймагында кырсыкка учураган. Бортто алтымыш жүргүнчү жана алты экипаж мүчөсү болгон. Бир нече адам гана аман калганы айтылууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11801



Добавить комментарий