Мадурмаровдун жардамчысы Жаныш Бакиевди жандап жүргөнүн айтышууда

18 февраля 2018 20:19 1820 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары коомдук ишмер Адахан Мадумаровдун көмөкчүсү Жаныш Бакиевдин жардамчысы болгонун айтып жатышат. Ал негизинен Жаныш Бакиев Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын орун басары болуп турганда жардамчы болгон.   

Колдонуучулардын айтымында, Мадумаровдун жардамчысы Медер Ысманалиев 2010-жылга дейре Жаныш Бакиевдин жардамчысы болуп иштеп келген.

Далил катары колдонуучулар Жаныш Бакиевдин мааракесиндеги архивдик видеону жарыялашкан. Видеодо Жаныш Бакиевдин жанында Мадумаровдун жардамчысына окшош жаш жигит турганы тартылган.

Колдонуучулар эмнеге Мадумаров Жаныш Бакиевдин мурдагы жардамчысын өзүнө жардамчы кылып алганын түшүнө албай талкуулап жатышат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11800



Добавить комментарий