Алматанын соту депутат Асылбек уулу Дамирбекти эки айга камакка алды

18 февраля 2018 20:00 2138 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстанда Алмата шаарынын соту атайын операциянын учурунда кармалгандарга карата баш коргоо чарасын кабыл алды, алардын арасында Кыргызстандын жарандары бар. Бул тууралуу Barometr.kgге Казакстандын укук коргоо органдарынан кабарлашты.   

Маектештин айтымында, Казакстандын мыйзамына ылайык кармалгандарга карата үч сутканын ичинде баш коргоо чарасы кабыл алынышы керек.

Соттун жыйыны жабык режимде өттү, анткени кылмыш ишинин материалдары “жашыруун” деген грифтин алдында каралууда. 

Сот Кыргызстандын жарандары Асылбек уулу Дамирбек, Абакиров Чынгыз Абакирович жана Мурадилов Уланбек Туратбековичти эки айлык мөөнөттө камакка алды.

Казахстандын Тышкы иштер министирлиги кабарлангандай,  бул 1963-жылы кабыл алынган консулдук мамилелер жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык, ошондой эле Казакстандын кылмыш- процессуалдык кодексинин 135-беренесине жана чет элдиктерди кармоо жана камакка алууда чет элдик консулдук мекемелерге эскертүү берүү эрежелеринин негизинде ишке ашырылды.      

17-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Асылбек уулу Дамирбектин кармалганы тууралуу маалымат менен нота жөнөтүлгөн. Кыргызстандын ТИМинин кызматкерлери кыргыз элчилиги менен туруктуу түрдө байланышта болуп жатат жана аларга Казакстандын укук коргоо органдарындагы байланыштары аркылуу көмөк көрсөтүүсүн улантууда.

Эскерте кетсек, 15-16-февралда Казакстандын Башкы прокуратурасы Улуттук коопсуздук комитети жана Коррупцияга каршы аракеттенүү улуттук бюросу менен биргеликте бажыга байланыштуу тармактагы мыйзамга каршы аракеттерге бөгөт коюу жана өлкөнүн чек ара аймагында аткезчилик кылып жаткан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөттүү максатында бир эле учурда Алмата, Жамбыл жана Түштүк-Казакстан областында, ошондой эле Алмата шаарында ири масштабдуу атайын операция жүргүзгөн.  

Анын натыйжасында 29 шектүү адам кармалган, алардын 16сы Алмата, Жамбыл областынан жана Алмата шаарынан, 13ү Түштүк Казакстандан болот.

“Кармалгандардын арасында бажы кызматкерлери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, брокерлер, ортомчулар, крим дүйнөнүн өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын жарандары болгону айтылган.

Barometr.kgнин  Казакстандын укук коргоо органдарындагы булактары берген маалыматына караганда, атайын операциянын маалында  парламенттин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Асылбек уулу Дамирбек кармалган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11799



Добавить комментарий