ТИМ Казакстанда эки кыргызстандыктын кармалышына байланыштуу консулду чакыртты

17 февраль 2018 12:07 923 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эки кыргызстандыктын кармалышы боюнча Казакстандан түшүндүрмө күтүп жатат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Тышкы иштер министрлигине Казакстандын Кыргызстандагы консулу Ерлан Абишев чакырылды.

Дипломатка нота тапшырылды, ага ылайык Казакстан тарап бул маалыматты тастыктап же төгүнө чыгаруусу керек. Казакстандан маалыматты күтүп жатышат.

Буга чейин Казакстанда болгон атайын операциянын учурунда эки кыргызстандык кармалганы кабарланган болчу.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11780



Добавить комментарий