Кыргызстанда жардыруу уюштурууну көздөгөн жигит кармалды

17 февраля 2018 11:18 601 Barometr
Поделиться в:
ok

 

Кыргызстанда террордук кол салууларды уюштурууну максат кылган жигит кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөсү деген шек менен кармалган Кыргызстандын 26 жаштагы жараны У.К. Сирияда согушка үйрөтүүчү атайын даярдыктан өтүп, «жанкечти» курсунан окуп чыккан. Ал өз өлкөсүндө жардырууларды уюштуруу тапшырмасын алган.

Шектүү камакка алынды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 226-беренеси 4-пункту (“чет өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралдуу чыр-чатактарга катышуу”) жана 375-беренеси (“жалданмачылык”) боюнча кылмыш иш козголду. Тергөө иштери улантылууда.

УКМКнын маалыматына караганда, Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандыктардын саны 500дөн ашуун. Алардын 140ка жакыны аял, 100гө жакыны балдар. Ушул убакка чейин согуш талаасында 92 кыргызстандык мерт болгон

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11776



Добавить комментарий