17-февраль: кар калың жаайт

17 февраля 2018 09:01 969 Barometr
Поделиться в:
ok

17-февралда Кыргызстандын бир катар аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн -11…-12 градус суук болсо, күндүз абанын температурасы 0…-5 градуска чейин төмөн болот. Нарында дем алыш күндөрү түндө -20…-22 градус суук болсо, күндүз -10 градуска чейин суук болот. Чүй менен Таласта түндө -12 градуска чейин суук болуп, күндүз -7 градуска чейин төмөндөйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түндө -9 градуска чейин суук болуп, күндүз күндүн табы 3 градуска чейин жылыйт. 17-февралда Бишкек шаарында түнкүсүн -8…-10 градус суук болсо, күндүз -4 градуска чейин төмөндөйт. Ош шаарында түндө -3…-5 градус суук болсо, күндүз 1 градуска чейин жылыйт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11773



Добавить комментарий