Психологдор бактылуу болууга канча акча керек экенин эсептешти

23 августа 2019 09:20 1981 Barometr
Поделиться в:
ok

“Америкалык психологдор бүткүл дүйнө боюнча бактылуу адамдын айлык акысы канча болорун эсептеп чыгышты. Дүйнө боюнча кирешенин оптималдуу көрсөткүчү жылына 95 миң доллар деп эсептелген. Бирок адам эмоциялык жактан туруктуу туруш үчүн жылына 60-75 доллар керек болот экен”,-деп жазды Vesti.ru. Бала-чакалуу үй-бүлөлөргө көбүрөөк акча керек. Австралиялыктарга бир адамга жылына 125 миң доллар керек, Түндүк Американын жашоочуларына-105 миң, Батыш Европанын тургундарына-100 миң доллар зарыл. Чыгыш Европа үчүн жылына 45 миң доллар, Түштүк Америкага 35 миң доллар керектелет. Ошол эле маалда Gallup дүйнөлүк консалтинг компаниясы түзгөн рейтингге ылайык, жашоого канааттангандык менен айлык акынын түздөн-түз байланышы бар экени көрсөтүлгөн. Аталган изилдөөлөргө таянсак, киреше канчалык оптималдуу деңгээлинен жогору боло баштаган сайын адам ошончолук жашоого аз канааттанат экен.  

Ссылка: https://barometr.kg/content11763



Добавить комментарий