Бүткүл Жер планетасы жогорку ылдамдыктагы Wi-Fiга туташтырылат

16 февраля 2018 12:34 1394 Barometr
Поделиться в:
ok

Илон Маск Жердин төмөнкү орбитасына планетанын баардык тарабына жогорку ылдамдыктагы Интернетти бере турган жандоочторду учурат.

“Аталган долбоор тууралуу азырынча кеңири маалымат айтыла элек болсо да, жандоочтордун алгачкы прототиптери колдонууга даяр болуп калды”,-деп жазат Engadget.

 Колдо болгон маалыматтарга таянсак, алгачкы эки спутник ушул жекшемби күнү жерге жакын орбитага сынак иретинде учурулат. Өткөн жылы SpaceXтин вице-президенти алгачкы сынак аппараттары 2017-жылдын соңунда жана 2018-жылдын башында ишке берилерин маалымдаган эле.

Баардыгы жакшы иштеп кетсе алгачкы жумушчу жандоочтор 2019-жылдын башында ишке киргизилет.

Жандоочтор жүктөлгөн ракеталар 17-февралда космоско учурулат.

Долбоордун баасы 10 миллиард долларга бааланууда жана 2024-жылга карай баардык ишти жолго коюу пландалууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/content11752



Добавить комментарий