Парламенттин депутаттары Баткен областынын жергиликтүү бийлигин Шамбесай кени боюнча компромисcтик чечим табууга чакырууда

16 февраля 2018 10:22 1809 Barometr
Поделиться в:
ok

Парламенттин депутаттары Баткен областынын жергиликтүү бийлигин Шамбесай кени боюнча компромисcтик чечим табууга чакырууда.  

Белгилей кетсек, буга чейин Майдан айылында кенди иштетүү боюнча жергиликтүү тургундардын катышуусунда жолугушуу өткөн. Жергиликтүү калктын бир бөлүгү “кендеги алтынды иштетүүгө болбойт” деп чыгышкан, анткени алардын пикиринде кенди иштетүү экологияга зыян алып келүүсү ыктымал.    

Бирок депутаттар жергиликтүү калкты башка максаттарды көздөгөн айрым адамдар атайлап эле адашууга түртүп жатышат деп эсептешет.   

Парламенттин депутаты Таабалды Тиллаев кенди иштетүү зарыл деп белгилеп өттү.  

"Жергиликтүү бийлик органдары тургундарды аймактагы жагдайды курчутуш үчүн пайдаланууга жол бербеши керек. Ал эми укук коргоо органдары кендин айланасында ким конфликтүү жагдайды түзүп жатканын аныктоого тийиш. Жана мындай адамдарга карата катуу чараларды көрүүсү зарыл”,-деп эсептейт депутат.    

Тиллаев “жергиликтүү бийлик органдары калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жана компромисттик чечимдерди кабыл алышы керек” деп кошумчалады.  

"Албетте, экологиянын нормаларын сактоо баарынан биринчи турууга тийиш.  Бирок бизде экологиянын нормаларын сактоону көзөмөлгө ала турган мамлекеттик тиешелүү органдар бар экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Эгерде  кен иштетип жатканда инвестор айлана-чөйрөгө зыянсыз болгон технологияларды колдонууга даяр болсо анда кенди ишке киргизишибиз кажет. Бул биринчи кезекте аймакты өнүктүрүүгө оң таасирин берет, жумушчу орундар түзүлөт, ишкана иштей баштайт. Элдин жашоосу жакшырат”,-дейт Тиллаев.     

Ал ошондой эле өкмөт Кыргызстандын аймагындагы долбоорлорго салынган инвестиция үчүн жоопкер экенин эскертип өттү.  

"Инвестор кенди иштетүүгө каражат салды. Жергиликтүү бийлик органдары өкмөт структурасы катары жагдайды чечүүгө  болгон аракетин жасоого милдеттүү”,-дейт Тиллаев.   

Депутат Калдарбек Баймуратов да кенди иштетүү зарыл деп айтты.

“Баардык тараптарды угуп жана маселени чечүүнү жолун табууга тийишпиз. Эл инвестор экологияга зыян алып келбей турганын түшүндүрсөк, түшүнөт. Ачык диалогго келүүгө болот, жергиликтүү бийлик органдары ушундай аянт түзүп берүүлөрү керек. Эгер кажет болсо эксперттерди тартып, иш жүзүндө инвестор кандай иштөөгө даярданып жатканын көрсөткөн туура. Балким кимдир-бирөөлөр эл туура эмес түшүнүп калсын деп аракет кылып жатат”,-деп нааразы болду депутат.      

Бул арада Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков жергиликтүү бийлик органдары мыйзам алкагында тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын билдирди.  

“Инвестор элдин талабына макул болууда, кенге цианид колдонбой алтын алуу мүмкүндүгүн тапты. Эл экология жабыркайт деп кооптонуп жатат”,-деп айтты аким.  

Компромисттик чечим тууралуу Исаков  жергиликтүү бийлик органдары колдон келген аракетин жасай турганын билдирди.  

Ошол эле маалда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков тигил же бул кенди иштетүүгө каршы митингдер боюнча өзүнүн позициясын билдирди.  

Президент 7-февралда тиешелүү органдарга так тапшырма берди.

 “Кен иштетүүчү компания экологиялык коопсуздук нормаларын сактап жатабы, же жокпу – муну адис-экологдор гана так аныктай алат. Бул маселени саясатташтырып кереги жок. Кыргызстандын кен байлыктары элдин кызыкчылыгында, экологияны коргоо боюнча бардык ченемдерди сактоо менен колдонулушу керек. Тоо-кен тармагы өлкөнүн экономикасынын башкы бюджет жаратуучу сектору болуп саналат, калкты жумуш орундары менен камсыздайт. Тоо-кен өнөр жайынан келип жаткан акча каражаттары социалдык секторду каржылоого, жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө жумшалат. Тоо-кен компанияларынын ишмердигине байланышкан маселелерди саясатташтыруу таптакыр туура эмес”,-деп эсептейт президент.

Белгилей кетсек, Шамбесай кенин иштеткен өндүрүшчү кендеги алтынды цианид колдонбой казып алууга ниеттенип жатат.

2017-жылы январь айында кенге жаңы инвестор болуп кытайдын улуттук «Тианди Интернэшнл Майнинг Компани Лимитед» компаниясы келген. Лицензия  Z-Explorer  жабык акцонердик коомуна таандык.

Компаниянын өкүлү маалымдашкандай, жергиликтүү калктын тынчсызданууларын эске алышып 2017-жылдын экинчи жарымында компания Шамбесай кенинде алтын казууда цианидди колдонбош үчүн техникалык процесстерди оптимизациялоо боюнча иштерди жүргүзгөн.

Жаңы инвестор цианиди жок AXI (АСИ) реагентин колдонууну көздөп жатат, аталган реагент тиешелүү сынактан өткөн жана төмөнкү органдардын:

КРнын Өнөр жай, энергетика жана кенди иштетүү мамлекеттик комитетинин,

Мамлекеттик санитарлык эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруларды алдын алуу департаментинин,

КРнын Илимдер академиясынын биотехнологиялар инсититутунун жана Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин макул деген оң жыйынтыктарын алган.

Кенди иштетүү кандай пайда берет?

Бир жыл бою созулган курулуш иштеринде 300 жумушчу орун түзүлөт. Иштеп чыгуу маалында 250 жумушчу орун пайда болот. Кендеги 70 пайыз кызматкерлер Кыргызстандын жарандары болмокчу. Эмгекке орноштурууда Майдан айыл округунун тургундарына артыкчылык берилет. Жергиликтүү калкты атайын окуудан өткөрүү милдети компаниянын эсебинен жүргүзүлөт. 

Компания иш менен камсыз болууга кызыкдар жергиликтүү жашоочулардын билдирмелерин кабыл алып баштады.

Кендин кызматкерлери гана эмес, кендин муктаждыгы үчүн алына турган товарлар менен азык-түлүктөр жана тоо-металлургия комплекси сатып ала турган тейлөө көрсөтүүлөр үчүн жергиликтүү ишкерлер да  кыйыр түрдө каражат табат.

2008-жылдан азыркы учурга чейин социалдык программаларды сатып алыш үчүн компания 12 миллион сомдон ашык каражат бөлгөн.

Компаниянын ушул кезге дейре жасаган жана аяктаган программаларынын катарында- суу насосторун орнотуу, айыл чарба жолдорун оңдоо, жергиликтүу мектеп менен оорукананын жылытуу системаларын коюп берүү жана ремонттоо, көчөттөрдү отургузуу, күнөсканаларды куруу, республиканын жогорку окуу жайларында окуп жаткан жергиликтүү жаштардын окуу төлөмдөрүнүн жарымын төлөө, жергиликтүү тургандардын квалификациясын жогорулатуу максатында кесипкөй тренингдерди уюштуруу, аймактагы спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүү кирген. Компания жакынкы аралыкта Майдан айылын таза суу менен камсыздоо жана спорт аянтын куруу боюнча программаны ишке ашырууну да пландап жатат.

Долбоор миллиарддарды инвестициялады

Компания Кыргызстандын аймагында геологиялык иштер үчүн 2,2 миллиард сом салган, анын 340 миллион сому мамлекеттик жана жергиликтүү бюджетке салык жана салык эмес түрүндөгү түшүүлөр болуп саналат (2017-жылдын декабрына карата эсеп).

Шамбесай долбооруна компания кошумча 2,7 миллиард сомду инвестициялоону пландоодо.

Шамбесай кенинде алтын өндүрүү иштери башталгандан жана аны иштеткен мезгилден тартып КРнын республикалык бюджетине жергиликтүү бюджетти кошкондо 650 миллион сомго жакын салыктын түшүүсү күтүлүп жатат. Мындан тышкары алтынды сатуудан түшкөн каражаттан Кадамжай районун өнүктүрүү фондуна  200 миллион сомго жакын каражат, Майдан айыл округуна  50 миллион сомго жакын акча түшөт.    

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11742



Добавить комментарий