16-февраль: Бишкекте -12 градус суук болот

16 февраля 2018 07:20 661 Barometr
Поделиться в:
ok

16-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында бурганак болушу мүмкүн. Зымдарга, дарактарга суу кар жармашат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6...-11, күндүз -1...-6; Талас жергесинде түнкүсүн -7...-12, күндүз -1...-6; Баткен, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1...-6, күндүз -3...+2;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5; Нарын облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз -8...-13; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11...-16, күндүз -11...16 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...-4 градус болот.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11734



Добавить комментарий