Сапар Исаковдон батир менен камсыз кылууну сурашты

15 февраля 2018 14:45 1338 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер саатында” эл өкүлдөрү өлкө аймагындагы маданий жайлардын абалы боюнча маселе көтөрүштү. 

Маданиятка кылган мамилебиз ушул деген депутат Ирина Карамушкина эл артисти, белгилүү актриса Назира Мамбетованын кичинекей бир барак тамда жашаган турмушун айтып, өкмөт башчы Сапар Исаковго эл артистинин 70 жылдык маарекесине байланыштуу аны үй менен камсыз кылууну сунуштады.

Назира Мамбетова Кыргыз ССРнин эл артисти, 2017-жылы декабрь айында ал 70 жашка толгон.  

“Мен Тянь-Шань”, “Ак кеме”, “Эрте келген турналар”, “Дилетант” жана башка белгилүү тасмаларда роль аткарган. 

Ссылка: https://barometr.kg/content11717



Добавить комментарий