Таласта казакстандыктар таксистке кол салышты

15 февраля 2018 08:17 1235 Barometr
Поделиться в:
ok

Каракчылык менен алектенген чет өлкөлүк жарандардын тобу кармалды.Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

12-февралда Талас районунда азиат улутундагы белгисиз жарандар каракчылык кылган факты катталып, болжол менен саат 20:30 чамаларында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген Талас шаарынын тургунуна эки адам келип, “Ауди-100” үлгүсүндөгү автоунаасына отургандан кийин 24 жаштагы айдоочуга кол салышкан.

Жабырлануучуну электрошокер менен коркутуп, ур-токмокко алышкан соң, унаасын укукка жат түрдө ээлеп алышкан. Айдоочунун колун байлап, унаанын артына отургузуп, Талас району тарапка багыт алышкан. Көк-Ой айылынан автоунаанын күйүүчү майы түгөнүп калгандыгына байланыштуу, каракчылар унааны токтотууга мажбур болушкан. Ошол убакта айдоочу качып кетүүгө үлгүргөн. Бирок, кылмышкерлер айдоочунун акча каражатын, документтерин жана жеке буюмдарын алып, автоунааны кароосуз таштап, изин жашырып качып кетишкен. Ал эми, айдоочу бул окуядан кийин ички иштер органдарына кайрылган.

Кармалган жарандардын өздүгү такталып, алар Казакстан Республикасынын жарандары болуп чыкты. Козголгон кылмыш ишинин негизинде иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content11700



Добавить комментарий