15-февраль: мезгил-мезгили менен кар жаайт

15 февраля 2018 07:10 602 Barometr
Поделиться в:
ok

15-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде көп жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып калышы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү көп болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5; Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6; Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3; Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2; Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -7…-12 градус болот.

15-февралда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -2…-4°, күндүзгү жогорку температурасы 0…-2° жылуу болушу күтүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content11698



Добавить комментарий