Бишкек ТЭЦиндеги авариянын себептери аныкталды

14 февраля 2018 12:56 788 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссия иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгында, Бишкек ТЭЦдеги авариянын кесепетин жоюуда кызматкерлердин башаламан аракети, жабдуу даярдалган суунун деңгээли төмөндөп кеткени, күз-кыш мезгилине карата жабдыктардын даяр эместиги жана 3-блокту ишке киргизүүнү кечеңдетүү себеп болгону аныкталды.

Ошого карабастан, 23-январь күнү «Электр станциялары» ишканасы Бишкек ТЭЦине кескин чараларды көрүү тапшырмасын берген. Ушундай эле эскертүүнү «Улуттук энергохолдинги» берген.

Бирок 24-январдан баштап суу көп пайдаланылганы аныкталды. Ага кошумча суунун деңгээлин көрсөтүүчү датчиктер тоңуп, иштеп жаткан насостордун манометрине аба толуп калган. Насостордун фильтрлери да таза эмес болуп чыккан. Ар бир цех өз алдынча иштеп, кырсыктын кесепетин жоюу боюнча иш ырааттуу жүргөн эмес.

Ошондой эле, буу казандарды иштетүүдө тоңуп калган түтүктөр жарылып, аларды бүтөө үчүн суулары төгүлүп, кайра куюлган. Ошол эле учурда башка тоңуп калган түтүктөр от жагылып эритилип, мунун баарына убакыт талап кылынган.

Эскерте кетсек, 26-январда Бишкек ТЭЦтин айрым жабдыктары убактылуу иштен чыккандыктан электр кубаттуулугу 350дөн 154 мегаваттка, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары жылуулук үчүн жалпы 7 күнгө акы төлөбөй тургандыгын «Улуттук энергохолдинг» компаниясынан билдиришкен. Ошондой эле Башкы прокуратура ТЭЦдеги авария боюнча «шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11680



Добавить комментарий