Казакстанда бузулган автобустан кыргызстандыктар куткарылды

14 февраля 2018 12:00 977 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын Ак-Төбө областында бузулуп калган микроавтобустан Бишкектен Россияга бара жаткан 8 адам эвакуацияланды.    

Казакстандын Ички иштер министрлигинин өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин басма сөз кызматы кабарлагандай 13-февралда саат 03:20да Иргиз районундагы Самара–Шымкент жолунун 1101-чакырымында микроавтобус бузулганы тууралу кабарлама түшкөн.

Микроавтобус Бишкектен чыгып Самара шаарына бара жаткан.   

Автобустун ичинде 8 жүргүнү болгон, алардын жетөө кыргыз жарандары, бирөө Өзбекстандын жараны.  

«Калыбай» пунктунун бригадасы аларга медициналдык көмөк көргөзүп,  кыргызстандыктарды жылытуу пунктарына жайгаштырышты.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11678



Добавить комментарий