Сүйүү күнүнө карата эркектер ызы-чуу чыгарышууда

13 февраля 2018 15:12 792 Barometr
Поделиться в:
ok

9-февралда, Ыйык Валентин күнүнө карата дүкөндүн кызматкерлери “Сенин сүйүүң сага белек берет!” деген СМС-кабарламаларды өз кардарларына жөнөткөн. Бирок Казакстанда бул кабарламалар бир топ ызы-чуу пайда кылды.

Косметика саткан дүкөндүн телефону тынбай жаман айткандар көбөйгөн, айрым аялдар күйөөлөрү аларды “бул эмне деген СМС?” деп кызганып, кысымга алып жатышканын айтып даттанышкан.

 Ал эми мырзалар бул кабарламаларды окугандан кийин номерге кайра чалып алышып дүкөндүн кызматкерлерин урушуп, сөккөнгө чейин барышкан.

“Мындай маркетинг акциясын Ыйык Валентин сүйүү күнүнө арнаганбыз, кардарларга жагымдуу белек кылалы дегенбиз. Кечирим сурайбыз”,-деп билдирген  Казакстандагы жергиликтүү маалымат булактарына "Visage" косметика саткан дүкөнүнүн өкүлү Елена Петкилева.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11644



Добавить комментарий