Сапар Исаков Баткенге барып өкмөт өкүлүнүн коллегиясына катышат

13 февраля 2018 14:27 686 Barometr
Поделиться в:
ok

 Бүгүн, 13-февралда премьер-министр Сапар Исаков Баткен облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.   

Сапардын жүрүшүндө премьер-министр өкмөттүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык кеңешмесине катышат, анда 2017-жылдын иш жыйынтыгы чыгарылмакчы.

Андан тышкары, өкмөт башчы Кадамжай районундагы Орозбеков айыл округундагы орто мектептин ачылышына катышат.

Ошондой эле Сапар Исаков Кадамжай шаарында зилзаладан жабыркагандар үчүн курулуп жаткан көп квартиралуу турак-жайдын курулушу менен таанышат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11641



Добавить комментарий