Күндөн энергия алып үйдү ысыта турган “акылдуу” терезелер чыгарылат

13 февраля 2018 14:11 2030 Barometr
Поделиться в:
ok

Химиктердин тобу ысыткан маалда тунук эмес фотоэлементке айланып, ал эми сууга тийген кезде айнектей тунук болуп кала турган материалды жасап чыгышты. Мындай материалдан күндүн нурларын электр энергиясына айланта турган терезелерди жасап чыкса болот. Nature Materials журналына бул жаңы табылга тууралуу кеңири макала жарыяланган.

Макаланын авторлору АКШдагы химиктердин бул эмгеги адамзаттын жашоосун дагы жакшырат деп белгилешти. Аталган материалдан аба ырайы бүркөк болгон кезде жарык берип, ал эми күндүз күн батареяларынын кызматын аткара турган айнек терезелер жасалат деп эсептешүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content11640



Добавить комментарий