Аламүдүндө DVD-плеер уурдай коем деген киши алты жылга кесилди

13 февраля 2018 13:53 838 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй областынын Аламүдүн райондук соту 1500 сомдук DVD-плеерди уурдаганы үчүн 46 жаштагы жаранды алты жылга эркинен ажыратты.  

Соттолгон жаран буга чейин эле уурулук кылып темир тордун артына отуруп келген.Бала бакчадагы DVD-плеерге көзү түшкөнгө чейин эле Аламүдүн районунун аймагында бир нече ирет уурулук кылганы соттук иште айтылат. Бирок сотто анын акыркы ирет кылган уурулук иши каралып, аталган факт  үчүн абакка кесилди.

 2016-жылы декабрь айында ал Ленинское айылындагы Достук бала бакчасына кирип уктап калган. Бирок күзөтчү аны көрүп кубалап жиберген. Ууру да жөн калбай бала бакчанын 1500 сомдук DVD-плеерин көтөрө чыккан.

Ошону менен кылмыш иши козголуп, иш эки жыл тергелип, айыптуу алты жылга абакка кесилди.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11639



Добавить комментарий