Билл Гейтстин ийгиликке жетүүгө сунуштаган 10 сыры

13 февраля 2018 12:23 1651 Barometr
Поделиться в:
ok

Планетадагы эң бай адамдардын Билл Гейтс журналисттер менен маектешүүдөн эч аянбайт жана өзүнүн ийгиликке жетүүсүнүн сырын баардык каалоочуларга бөлүшүп келет.    

Алардын ичинен кызыктуу 10 кеңешти сиздерге сунуштамакчыбыз: 

1.Бизнес оюнга окшош: эрежелер абдан аз, аягы бүтпөгөн мелдештер жана соңунда акча деген эң мыкты сыйлык.  

2.Ийгилик-начар окутуучу, анткени ал акылдуу адамдын баарын такыр жеңилбешиң керек деген текебер ойго түртөт ошондуктан мындай адамдар эртеби кечпи жеңилүү ызасын тартышат.   

3.Конференция же семинар өтүп жаткан орун канчалык жагымдуу болсо жумуш ошончо натыйжалуу болбойт. 

4.Сиздин мараңыз кайсы экенин ал тургай ойлобой деле койсоңуз болот. Болгону алга карай жыла бериңиз! 

5.Эң эле аз нерседен баштаңыз, андан соң көбөйтүңүз жана алган тажрыйба мнен билимиңизди пайдаланыңыз. 

6.Жашоодо болгон баардык жолу болбогондуктар менен ийгиликсиздикти жеңил жана чыгармачыл түрдө кабыл алыңыз! 

7.Атаандаштардын жетишкендиктерин тааныбай  койбоңуз, алардын кантип максатына жетип жатканын изилдеңиз! 

8. Өз жумушуңузда дайыма, тынымсыз инновацияларды, жаңы ыкмаларды колдонуңуз! 

9. Калың элди ээрчип кетпей ийгиликке жеткире турган өзүңүздүн чыйырды таптаганга аракет жасаңыз!

10. Аракет кылыңыз, аракет кылыңыз жана дагы бир ирет аракет кылыңыз!

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11634



Добавить комментарий