Окумуштуулар алтын чыгара турган бактерияны таап алышты

13 февраля 2018 12:02 1286 Barometr
Поделиться в:
ok

Эл аралык окумуштуулардын командасы өзүнүн өмүр сүрүү процессинде чыныгы алтынды чыгара турган бактерияны аныкташты. Ага Cupriavidus metallidurans деген ысым ыйгарышты. Бул тууралуу Хроника.инфо кабарлоодо.

Микроорганизм курамында оор металдар жана жез кендери бартопуракта жашайт. Окумуштуулардын айтымында, бактерия жез менен “тамактанат”, бирок жездин курамы өтө эле чектелүү болууга тийиш.

Бактериядагы биохимиялык реакциядан кийин алтын иштелип чыгарылат жана бир нече нанометрлик алтын бөлүкчөлөрү пайда болот. Окумуштуулардын аныкташы боюнча дал ушул процесстен улам курамында алтыны бар кендерде өзү пайда болгон алтын куймалары кездешип калат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11632



Добавить комментарий