Нарын дайрасына түшүп жанын кыймак болгон кыз өзү сүзүп жээкке чыкты
Поделиться в:
Нарын дайрасына түшүп суидцид кылмак болгон 18 жаштагы кыз суудан кайра сүзүп чыгып, аман калды. Бул тууралдуу ӨКМдан кабарлашты.
Ведомство берген маалыматка таянсак, 12-февралда Таш-Көмүр шаарындагы ӨКМнын бөлүмүнө Бишкек-Ош жолунун 452-чакырымында 2000-жылы туулган кыз Нарын суусуна тушүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге 8 куткаруучу барган. Бирок алар жеткенче кыз өзү сүзүп жээкке чыккан.
Учурда ага медициналык көмөк көрсөтүшүп, дарыгерлерге өткөрүп беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/content11627
Добавить комментарий ×