Интернетте негизсиз сын пикир жазгандардын жоопкерчилиги каралышы мүмкүн

13 февраля 2018 11:11 733 Barometr
Поделиться в:
ok

Депутат Дастан Бекешев демилгелеп жаткан “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун бүгүн, 12-февралда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет карап, жактырды. Анда интернетте негизсиз сын пикир жазгандардын жоопкерчилигин кароо сунушталууда. Моралдык чыгым катары айыпталуучуга салынуучу айыптын өлчөмү 20 миң сомдон кем болбош керек ,- деп белгиленүүдө.

Талкууда депутат Жанар Акаев, -  " Ушул айыппулдун төмөнкү чеги 20 миң сом болсо, анда анын жогорку чегин да белгилеп коюу керек. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору аркылуу коомчулукту өз пикирин айтууда ооздуктап салбашыбыз керек. Жеке мен бул мыйзам долбоорун колдобос элем. Кесиптештеримди да ушуга чакырам", - деди.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов болсо, тескерисинче сунушталып жаткан мыйзам долбоорун колдой тургандыгын билдирип, айыппулдун өлчөмү 20 миңден эмес, 50 миң сомдон башталганы туура болмок, -деп сунуш берди.

Мыйзам долбоорун колго сала келгенде депутаттар Ж.Акаев, А.Касымалиева, Н.Никитенко каршы добуш беришсе, комитеттин калган мүчөлөрү аны колдоорун билдиришти.

Ошондой эле бул жолку комитет жыйынында Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык  сактоо боюнча комитетинин жумушчу тобу жөнүндөгү маселе дагы талкууга коюлуп, анын курамында айрым өзгөрүүлөр орун алды.

Ссылка: https://barometr.kg/content11626



Добавить комментарий