Кеминдеги базальт кенин аукционго коюшту

13 февраля 2018 08:43 796 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй областынын Кемин районунда жайгашкан Сулутерек базальт кенинин “Түштүк-Батыш” аянтчасына аукцион өткөрүлөт.  Бул тууралуу КРнын өндүрүш, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети маалымдады.

Кендин баланстагы запасы 2018-жылдын 1-январына карата 1396 миң.м3. түзөт. Баштапкы баасы 4380 доллар.

Базальт кендерин биринчи картага түшүрүүнү 1931-1933-жылдары алгачкы болуп А.А.Федорович изилденген. Геологиялык түзүлүшү төмөнкү катмарларды түзөт, орто жана жогорку палеозойдун Палеоген, Неоген жана Төртүнчүлүк түзүмдөрү катышат. Көбүнесе магмалык тектер деп билдирген.

Аукцион  30 - мартта саат 12.00дө Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаарында райондук мамлекеттик администрациясында жыйын залында өткөрүлөт. Аукциондун катышуучуларын каттоо саат 11.00дөн 11.50гө чейин жүргүзүлөт.

Аукционго катышууну каалагандар зарыл документтерди 2018-жылдын 26 - мартында саат 15.00дөн кечиктирбей Бишкек шаары, Эркиндик пр. №2 дарегиндеги Мамкомитетин №220 бөлмөсүнө тапшыруулары керек.

Аукциондун шарттары, аукционго катышуунун талаптары, ошондой эле аукционго тиешелүү башка маалыматтар менен мамкомитеттин www.gkpen.kg Интернет-сайтынан, +996 (312) 90-98-77 телефону боюнча алууга болот.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11617



Добавить комментарий