Апасы каза тапкан эки жаштагы кыздын бутун кесип салышты

13 февраля 2018 08:12 3687 Barometr
Поделиться в:
ok

 9-февралда Бишкекте жол кырсыгына кабылган кичинекей кыздын бутун ампутациялашты. Наристенин оң буту жараксыз абалда жанчылган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

 “Кызды оор абалда тез жардам менен алып келишкен. Анын өмүрүнө коркунуч келбеш үчүн бутун ампутация жасоого туура келди”,-деп маалымдашты басма сөз кызматынан.

Кызга 1,8 ай болгон. Учурда аны чоң энеси багып жатат. Кыздын ден соолугу жакшыра баштады.

Эскерте кетсек, 9-февралда «Мерседес Бенц 280» унаасын айдап бара жаткан 33 жаштагы Бишкектин тургуну «Тойота Функарго» унаасын сүзүп, андан соң жөө жүргүнчүнү койдуруп кеткен. 1983-жылы туулган аял жөө жүргүнчүлөр өтө турган жерде 2 жаштагы кызы менен бараткан. Аял окуя болгон жерде дароо каза тапкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content11616



Добавить комментарий