Стилдүү кийинүүнү каалайсызбы?

12 февраля 2018 12:31 2975 Barometr
Поделиться в:
ok

Бул макалада айымдар үчүн бир нече стилди кыскартып берүүгө аракет кылдык.Учурда кийим кийинүүдө бир нече негизги мода стилдерин айырмалап жүрүшөт.    

Бохо стиль

Бохо – бул эркиндик жана тажрыйба жүргүзүп көрүүчүлөрдүн стили. Бир жагынан алганда мындай стилде кийинген айым колуна биринчи эмне урунса ошону кийип кеткендей көрүнөт. Бирок чындап келгенде баардык кийимдер тыкыр тандалып алынган.Бохо адамдын өзүнүн идеалдуу табити бар экенинен кабар берет, анткени бул стилде бир аз эле жаңылыштык кетирүү күлкү келерликтей кийинип алууга алып келиши толук ыктымал.    

Бохо стилиндеги кийимдер- көп катмардуулук, шалбырай салынган моюн орогучтар, көп буюм баткан сумкалар, кружева, мех жана жибек, жаштык менен түшүндүрүлөт.   

Винтаж

Винтаж –  бул чоң энеңиздин шкафындагы кийимдерди кийип чыгуу эмес мурдагы мода доорлоруна урмат көрсөтүү, ошол кездеги стилди жана элеганттуулукту даңазалоо.  Винтаж кийимдер заманбап мода тенденцияларына өзүнчө көрк кошот.   

Вамп

Сексуалдуулук, кумардуулук, байлык, жана курч мүнөз – мунун баары вамп стилине таандык. Мындай кийинген айымдар өздөрүнө жалпы көңүл бурдурууну каалашат. Алар ачык түстуү макияж, кызыл-кара тон колдонот жана бийликчил болушат. Бирок вамп стили өтө ачык-же арзан кийимдерден турбашы зарыл. 

Деңиз

Деңиз толкундары, көгүш жээк, аппак яхта... Деңиз стили дал ушундай картинага окшошуусу кажет. Бул стилди ак жана көк түстөр, якорь, капитан фуражкалары менен айырмалоого болот.

Этно

Жаратылышка жакындык жана жөнөкөйлүк өзүнүн көптөгөн күйөрмандарын тапкан. Этно улуттук костюмдардын белгилерин камтыйт, мисалы: индей бахромасы, египеттин геометриялык оюу-чиймелери, гректердин кубулма кездемелери, орустардын саймалары жана башкалар.   

Сафари

Бул стилде жер түстүү рубашкалар, жеңил кенен шортылар жана юбкалар, накта булгаары, лен колдонулат. Аталган стиль савваналар менен джунгли токойлорунан пайда болуп шаардык турмушка кеңири жайылган стиль.

Милитари

Милитари стили күч менен чечкиндүүлүктүн белгиси. Мундирлер, армиянын ботикалары, погондор жана хаки түстөр. Бирок ошонусуна карабай мындай кийимдер элегенттуу көрүнөт.

Хиппи

Хиппи кайсы бир нерсеси менен бохо стилине окшошуп кетет. Бирок анда болгону нукура материалдарды колдонуу кажет. Милдеттүү түрдө көп сандаган мончоктор жана джинсы болушу керек.Бул стилдин башкы идеясы эркиндик.

Мындан тышкары  айымдар арасында кеңири жайылган классика, офис, спорт жана башка стилдер бар бирок аларга кийинки макаладан орун беребиз.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11590



Добавить комментарий