12-февраль: абанын температурасы +10 градуска чейин жогорулайт
Поделиться в:
12-февралда Кыргызстандын аймагында кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы: Чүй областында түнкүсүн -2...-7, күндүз 5...10; Талас областында түнкүсүн -4...-9, күндүз 3...8; Баткенде түнкүсүн -1...-6, күндүз 5...10; Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 6...11; Ысык-Көлдө түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...5; Нарында түнкүсүн -16...-21, күндүз -4...-9;
12-февралда Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын түнкү температурасы -3…-5, күндүз 8…10 градус жылуу.
Ссылка: https://barometr.kg/content11578
Добавить комментарий ×