Премьер-министр Дубайдагы сессияда сөз сүйлөдү

12 февраля 2018 08:03 663 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков кечээ, 11-февралда, Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираты) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында «Жиреп чыгуу» – чакырыктар жана мүмкүндүктөр» панелдик сессиясында сөз сүйлөдү.

Өкмөт башчы белгилегендей, жаңы технологиялар ар бир мамлекеттин жана жалпы дүйнөнүн өнүгүүсүнүн учурдагы жана пайда болуучу көйгөйлөрүн чечүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Анын айтымында, аларга энергия, азык-түлүк, ичүүчү таза суу менен жана социалдык тейлөөлөргө, билимге, маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыздоо, жаратылыш ресурстарынын жетишсиздиги, айлана-чөйрөнү коргоо жана калыбына келтирүү ж.б. маселелер кирет.

«Технологиялар адам мүмкүндүгүн күчтөндүрөт, ошол эле маалда ага технологияларды туура пайдалануу үчүн моралдык-этикалык жоопкерчиликти жүктөйт. Биз заманбап шарттарда улуттук экономиканын туруктуу өнүгүүсү алдыңкы технологияларсыз мүмкүн эместигин түшүнөбүз. Ошондуктан Кыргызстандын Өкмөтү демилгени өз колуна алып, ресурстарды мобилизациялоо менен мамлекеттик башкарууга заманбап электрондук технологияларды киргизүү багытын алууда, бул максатта «Таза-Коом» өлкөнү санариптик трансформациялоо программасы кабыл алынган», – деди Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, чектелген каражаттарга ээ болуу менен жарандардын үмүтүн канагаттандыруу үчүн өкмөттөр стратегиялык потенциалды, күчтүү институттарды жана натыйжалуу инструменттерди жана процесстерди түзүүгө таянган мамлекеттик башкарууга карата жаңы мамиле кылуусу зарыл.

«Технологияларды пайдалануу аталган максаттарга жетишүү процессин кескин тездетүүгө мүмкүндүк берет. Технологиялар мамлекеттик тейлөөгө жеткиликтүүлүктү камсыздоону жогорулатууга, аталган тейлөөгө карата административдик наркын төмөндөтүүгө, ошондой эле тейлөөлөрдү алуу убактысын азайтууга мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде өкмөттүн жашоо шартты жакшыртуу жөндөмдүүлүгүнө карата калктын ишенимин бекемдейт. Кыргызстанда «Таза Коом» программасы административдик процесстерди жана процедураларды автоматташтыруу жана санариптик мамлекеттик тейлөө көрсөтүү аркылуу адам таасирин минималдаштыруу жолу аркылуу мамлекеттик сектордогу коррупцияны жоюу үчүн натыйжалуу аспап болуп саналат», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, өлкө жарандарынын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн бүгүнкү күндө «Таза Коом» программасынын алкагында бир катар долбоорлор ишке ашырылган.

«Мындан тышкары, мамлекеттик саясаттын күч-аракетин калктын сапаттуу бөлүгүнө топтоштуруу коомдун материалдык бакубаттуулугунун жана мамлекетти келечекте өнүктүрүү үчүн идеялардын пайда болуусу үчүн мүмкүндүктөрдүн жогорулашына алып келет. Белгилей кетсек, келечекте автоматташтырыла турган иште алектенген ири шаарлардагы эмгекчилердин көпчүлүк бөлүгү кыскартууга туш келет, бул технологиялык революция үчүн табигый нерсе болуп саналат. Бирок ишкердүүлүктүн түрү жоголгон кезде, аларды модернизациялоонун негизинде жаңы иш орду пайда болот жана дүйнөлүк трендди эске алуу менен, өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу үчүн өлкөгө убакыт керектелет», – деди Сапар Исаков.

Премьер-министрдин айтымында, өкмөттөрдүн негизги милдети катары болуп жаткан окуялардын масштабдуулугун объективдүү баалоо, аялуу адистиктерди аныктоо жана эмгек рыногу муктаж эмес адистерди кайрадан даярдоо болуп саналат.

«Санариптик коомдун маанилүү аспектилеринин бири тийиштүү ыкмаларга жана билимге ээ болуу саналат. Буга байланыштуу заманбап эмгек рыногунда атаандаштыкка ээ адистерди даярдоо максатында компетенциялуу борборлорду уюштурууну пландаштыруудабыз. Бул Кыргызстан үчүн чоң чакырык болуп саналат. Санариптик трансформация аны менен алектенген адистерден гана жогорку компетенттүүлүктү талап кылбастан, катардагы жарандардан да талап кылат. Мында дүйнө өлкөлөрү ортосундагы билим жана тажрыйба алмашуу абдан маанилүү», – деп белгиледи Сапар Исаков.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11573



Добавить комментарий