Исаков Абу-Даби фондуна Балыкчы – Каракол жолун реконструкциялоону сунуштады

12 февраля 2018 07:15 2181 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков кечээ, 11-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитинин ишине катышуу алкагында Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Саиф Аль-Сувейди менен жолукту.

Жолугушууну ачып жатып, премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз Республикасы Абу Даби өнүктүрүү фонду менен учурдагы кызматташтыкты арттырууну сунуштады.

«Фонд менен Араб Кординациялык Топтун алкагында өз ара аракеттешүү боюнча тажрыйбабыз бар. Аны менен катар, биз Кыргыз Республикасы жана Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнү сунуштайбыз. Бугүн Фонддун кароосунда «Балыкчы – Каракол – Балыкчы автожолун реконструкциялоо» долбоорунун 104-220 км аралыктагы тилкеси турат. Суроонун орчундуулугун эске алып, биз долбоорду деталдуу талкуулоого даярбыз. Бул долбоорду ишке ашыруу  Ысык-Көл көлүнүн тегерегиндеги транпорттук инфраструктураны жакшыртууга олуттуу салым кошот жана автоунаа транспорттордун кыймылы учурунда тургундарга жана өлкөнүн коноктору үчүн ыңгайлуу жана коопсуздук шарттарды түзөт», – деди өкмөт башчы.

Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башчысы Мухаммад Саиф Аль-Сувейди Бириккен Араб Эмираттары жана Кыргыз Республикасынын ортосунда достук жана конструктивдүү мамилелер калыптанганын белгилеп өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/content11572



Добавить комментарий