ӨКМ: Кыргызстанда 15-16-февралда абанын температурасы төмөндөйт

10 февраля 2018 15:52 1997 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-16-февралга карата аба ырайынын божомолун жарыялады. 

10-13-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 мертге жетет.

14-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт, эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

15-16-февралда өлкөдө мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы  кескинтөмөндөйт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11564



Добавить комментарий