Жогорку Кеңештин кызматкери 2 млн сом кымырып алган деп камалды

10 февраля 2018 13:06 867 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.   

 Парламенттин аппаратынын жооптуу кызматкерлери УКМКга парламенттин бюджетинен 2 миллион сомдон ашык каражатты  алып алуу фактысы боюнча арыз менен кайрылышкан. 

Анын негизинде Башкы прокуратура “ишенип тапшырылган мүлктү ээлеп алуу”, “мамлекеттик документтерди жасалма жасоо, сатуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кылмыш иши боюнча Арсен Закиров кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө башталды.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11557



Добавить комментарий