Сапар Исаков Араб Эмираттарында бир катар жолугушууларды өткөрөт

10 февраля 2018 11:34 1648 Barometr
Поделиться в:
ok

 Бүгүн, 10-февралда Бириккен Араб Эмиратына Дүйнөлүк өкмөттөрдүн саммитине катышуу үчүн өкмөт башчы Сапар Исаков иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жумушчу сапарынын алкагында өкмөт башчы бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Анын күн тартибинде эмираттын канзадасы Эль-Фуджейра Е.В.Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки, Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Саиф Аль-Сувейди, Investment Corporation of Dubai компаниясынын аткаруучу директору Мухаммед Аль Шайбани менен жолугушуу да бар.

Ошондой эле, Сапар Исаков Emaar Properties компаниясынын жетекчиси, эмираттын полициянын башчысы, Дубай эмиратынын соода-өнөр жай палатасынын төрагасы, Air Arabia авиакомпаниясынын директору жана бир катар жетекчилер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Өкмөт башчы саммиттин жүрүшүндө жергиликтүү милициянын ишмердүүлүгү менен таанышып, андагы колдонулган технологияларды көрүп чыгат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11553



Добавить комментарий