Бишкекте 8-мартта аялдарга 850 миң сомго жоолук беришет

9 февраля 2018 17:05 2136 Barometr
Поделиться в:
ok

 Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгы 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата белектерди сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды. 

 Аталган маалыматка таянсак, баардыгы болуп 850 сомдук белектерди сатып алуу пландалууда. Аларды 7-мартка карата майрамдык концерт өткөрүлө турган Кыргыз улуттук филармониясына жеткирилиши керек.

Баардыгы болуп 1 миң комплект алынышы керек. Белектин ар бирине бирден жибек жоолук жана накта баркуттан жасалган косметичка салынат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11544



Добавить комментарий