Бишкектеги “Көк кит” оюнунун аягы эмне болду?

9 февраля 2018 15:59 2104 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын прокурору Абдибакыт Халмурзаев мэриянын бүгүн болгон коллегиясында “Көк кит” оюну тууралуу эскертти.   

“Өткөн жылы жашы жетелектер арасында бир катар тартип бузуулардын өсүшү байкалган. Бирок бүгүн бир да аким өз сөздөрүндө бул тууралуу эскерген жок. Баарына белгилүү “Көк кит” оюнунан кийин азыр иш кандай жүрүп жатат? Балдарга карата кандай алдын алуу иштери жүргүзүлдү?”,-деп сурады ал.

“Бул планда бар, болгону отчетту кыскарттык”,-деп эскертти мэр Албек Ибраимов.  

“Жашы жетелектер арасында мыйзам бузуу фактылары менен биздин социалдык кызматкерлер жана райондук бөлүмдөр иштеп жатат. Биз баардык органдар менен биргелешип иштеше турган схеманы түздүк, анын ичине райондук өкулдөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоо органдары, социалдык жумушчулар кирет. Иш күнү-түнү жүргүзүлүп жатат”,-деп маалымдады бул тууралуу вице-мэр Айгуль Рыскулова.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11542



Добавить комментарий