22 жылдан бери кумдан курулган сепилде жашайт

9 февраля 2018 14:37 983 Barometr
Поделиться в:
ok

Акыркы 22 жылдан бери 44 жаштагы бразилиялык Марсио Мизель Матолиас Рио-де-Жанейро шаарындагы Барра-да-Тижука плажында кумдан салынган сепилде күн кечирет. Кошуналары жана достору аны “Пляждын падышасы” деп атып алышкан.

Матолиас өзүн сепилиндеги тактыга отуруп сүрөткө түшкөндү жактырат.  

“Кум жылуулукту кармайт, ошондуктан кээде түнкүсүн уктай албай чыгам. Бул жерде асман алдында, суунун жээгинде жатканда гана ырахат алам. Бул менин падышачылыгым жана менин үйүм”,-дейт Пляж падышасы.

Шаардын администрациясы анын сепилине каршы эмес. Матолиас негизинен аны менен сүрөткө түшкөнү келген туристтерден алган акча менен жашайт.


 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11538



Добавить комментарий