Кыргызстанда дарыгерлер нааразы

9 февраля 2018 14:14 1443 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин айлыгы аз жана эч кандай колдоо, көмөк жок. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинде болгон коллегияда Улуттук энени жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.

Анын айтымында, эгемендикти алган жылдардан бери Кыргызстанда дарыгерлерге арналып бир да турак жай курулган эмес.  

“Биз үчүн үй курулуп жатабы? Биз кызматкерлердин турак-жай маселесин эптеп өзүбүз чечүүгө аракет кылып жүрөбүз. Албетте анан кийин башка өлкөлөргө кетип калышууда”,-деп билдирди Камчыбек Узакбаев.

Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, 2017-жылы 1 574 дарыгер, орто медициналык билими бар 4 227 медайым жумушунан бошоп, 66 врач, 114 медайым чет өлкөгө иштеп кетишкен.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11537



Добавить комментарий