L’Oreal Paris жоолукчан кыз менен чач каражатын жарнамалап жатат
Поделиться в:
Британиялык бьюти-блоге Амена Кхан L’Oréal Paris компаниясынын чачты күтүүчү каражатын мактаган жарнамага хиджабчан тартылды. Ушундан кийин аталган компанияны социалдык түйүндүн колдонуучулары кызуу талкууга алышты.
Көпчүлүк колдонуучулар “эгерде биз башыбызга жоолук салынып алсак, ал биздин чачыбыз жок деген кеп эмес”,-дешип жарманамын колдоп жатышат. “Жоолукчан кыз кантип чачты көрсөтүп жарнамалайт”,- деп нааразы болгондор дагы бар.
Амена Кхан - белгилүү бьюти-блогер, L’Oréal Parisдин элчиси, жоолуктар линиясы боюнча дизайнер, Ardere Cosmetics компаниясын негиздөөчүлөрдүн бири.
Ссылка: https://barometr.kg/content11535
Добавить комментарий ×