Лотореядан миллион доллар утуп алган киши кайгыдан өзүн-өзү өлтүрдү

9 февраля 2018 11:14 1701 Barometr
Поделиться в:
ok

 “Таиланддын тургуну лотореядан миллион доллар учуп алып, бирок өз жанын кыйды”,- деп кабарлайт Дни.ру булагы.

 Жеңишке жеткенин уккандан кийин Джиравут Понгфан баардык таааныштарын чакырып 1,3 миллион долларды кандай колдонору тууралуу кеңеш алып жана аябай тойлогон.

Майрамдап бүткөндөн кийин ал өзүн акчалуу кыла турган лоторея билетин таппай калган. Ал ушунчалык кайгыргандыктан андан ары жашоонун кереги жок деп чечкен.

Тааныштарынын айтымында, Понгфан акча утуп алгандан кийин өзүн абдан бактылуу сезип болочогун пландап жаткан, бирок билеттин жоголушу аны катуу стресс кылган. Ал “Мен абдан капа болдум. Сураныч менин үй-бүлөмдү коркутпагыла. Мен чындыгында эле лоторея уткан болчумун”,-деп өлүм алдында кат жазып кеткен.

Учурда полиция иликтөө жүргүзүп жатат. 

Ссылка: https://barometr.kg/content11526



Добавить комментарий