ИИМдин башчысы жумуштан бошоп калбайын деп 15 килограмм арыктады
Поделиться в:
Тажикстандын Ички иштер министри Рамазон Рахимзода ашыкча салмагы бар милиция кызматкерлери иштен бошотулары тууралуу анын буйругу күчүндө экенин маалымдады. Бул тууралуу Asia-Plus жазды.
“Мындан улам Тажикстандын ички иштер министрлигинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Сухроб Рахмонзода буйрук кабыл алынгандан кийин 15 килограмм салмак таштаган”,-деп айтты министр.
Ал ашыкча салмагы бар жыйырмага жакын милиция жумуштан бошотулганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, 2016-жылы декабрь айында Тажикстандын ички иштер министри ашыкча салмагы бар кызматкерлер ишинен кетирилери боюнча буйрук чыгарган.
Ссылка: https://barometr.kg/content11516
Добавить комментарий ×