Гороскоп: Арстан жылдызындагы мырзанын кантип ийге келтирсе болот?

8 февраля 2018 18:28 1051 Barometr
Поделиться в:
ok

23-июлдан 22-августка чейинки мезгилде төрөлгөн мырзалар батыш гороскобу боюнча арстан жылдызына кирет. Арстан жылдызындагы мырзалардын интуициясы күчтүү өнүккөн. Алар баардык жерде көңүл борборунда болууну каалашат жана өздөрүн салабаттуу алып жүрүшөт. Бул аларды өзүмчүл адамга айландырат. Ал үчүн биринчи орунда өзү болуш керек. Андан кийин гана башкаларга көңүл бура баштайт.

Алар акча тапканды да, аны чачканды да билет. Анын көңүлүн кантип тапсаңыз болот? Ага жагыш үчүн албетте, сулуу, аябай акылдуу жана тез ойлоно билген аялзаты болушуңуз кажет. Арстан белгисинин алдында төрөлгөн мырзалар өздөрүн башка эркектерден акылдуу сезишет. Ошондуктан мындай мырзага жагуунун жолу-өзүңүздүн лидерлик сапатыңызды анча көрсөтпөй, аны уга билүү. Ал сиздин чыныгы баатыр куткаруучуңуз болсо андан бетер жакшы.  Мактоону абдан жакшы көрүшөт. Мындай бир аз бой көтөргөн, энергиялуу, өзүмчүл жана өзүнүкүн бербеген мырзаны чын жүрөктөн сүйгөндө гана жакшы жашай аласыз.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11515



Добавить комментарий