Абайлаңыз, сиздин телефонуңуздан криптовалюта казып алып жатышы мүмкүн!

8 февраля 2018 18:07 1818 Barometr
Поделиться в:
ok

Qihoo 360 компаниясынын коопсуздук боюнча эксперттери жаңы коркунуч тууралуу жар салышты. Алар ОС Android түзүмдөрүнүн ээлерине келген жаңы коркунучту - ADB.miner ботнети тууралуу эскертип жатышат. Бул тууралуу Lenta.ru кабарлады.

Ботнет Android системасындагы баардык түзүмдөргө чабуул жасап жатат, ал телефондорго гана эмес телевизор, аларга туташтыруучу түзүмдөргө да чап жабышат.

Гаджетке кирип зыянкеч-программа анын ресрустарын Monero криптовалютасын казып алууга колдонот.   

Коддо дүйнөдөгү эң чоң деп таанылган Mirai ботнетинин компонеттери колдонулат. Mirai 2016-жылы бүткүл планетадагы миңдеген түзүмдөргө  кол салган, ири сайттар анын айынан ишин токтотууга мажбур болгон.

Адистердин пиринде ADB.miner учурда 7,4 миң түзүмгө кол салды жана анын таралышы тездик менен өсүп жатат.  

Ссылка: https://barometr.kg/content11513



Добавить комментарий