Тажикстан Баткендеги чек араны бир тараптуу жаап, аскерин көбөйттү

8 февраля 2018 16:30 1752 Barometr
Поделиться в:
ok

Тажикстан Баткен областынын Лейлек районундагы чек ара өткөрүү бекетин бир тараптуу жапты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Тажик тарап Кулунду унаа жолу бекетин убактылуу жапканы эскертилди.

Бүгүн тажик чек арачылары Лейлек районундагы Сай жергесинде көпүрөдөн өтчү жерди жаап, чек ара кошуунун жайгаштырып, аскер кызматкерлеринин санын көбөйткөн.

Чек ара кызматынан кабарлашкандай, учурда эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушуу өткөрүп жатат, негизги тема-кыргыз-тажик чек арасындагы абалды турукташтыруу.

Ссылка: https://barometr.kg/content11509



Добавить комментарий