Валентина Шевченко жаңы салмактык категория боюнча биринчи орунга чыкты

8 февраля 2018 14:54 705 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC  рейтингинде 57 кг салмак категориясы боюнча биринчи орунга чыкты. 

Жаңыртылган рейтинг 7-февралда уюмдун расмий сайтына жарыяланды. Бул жыйынтык  4-февралда Бразилияда өткөн мелдештен кийин жаңыртылды. 

Валентина Шевченко жаңы 57 килограммдык салмак категориясы боюнча дебюттук мелдешин Бразилияда өткөрүп жана экинчи раундда бразилиялык Присцилла Качоейраны жеңген.   

Бул Шевченконун рейтингде салмактык категоряи боюнча биринчи орунга жылышына мүмкүндүк берди.   

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11504



Добавить комментарий