Мамлекеттик № 1 резиденция быйылкы жылга 58,4 миң сомго даараткана кагазын сатып алат

8 февраля 2018 13:00 1450 Barometr
Поделиться в:
ok

№ 1 резиденция 2018-жылы 58,4 миң сомго даараткана кагазын сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.

Быйыл баш-аягы  2,3 миң таңгак даарат кагазын сатып алуу пландалды. Акча бюджеттен жана атайын эсептен да бөлүнөт. Кагаз милдеттүү түрдө, аппак, эки кабаттуу жана сүрөт тартылбаган болуш керек. 

Жалпысынан мейманкана комплексине, кабыл алуу үйлөрүнө жуунуучу каражаттарды, жеке колдонуучу буюмдарды жана чарба товарларын сатып алууга 1,6 миллион сом керектелет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11501



Добавить комментарий