АКШда алтынданган кирпичтен көп кабаттуу үй куруп жатышат
Поделиться в:
Нью-Йорктун райондорунун биринде алтын жалатылган кирпичтен үй куруп жатышат. Бул тууралуу Nine.com кабарлады.
Материалдар Испаниянын Cerámica La Covadonga деп аталган фабрикасынан чыгарылат.
Бул колго иштелип алтын жалатылган кирпичтен салынган биринчи курулуш болот деп эсептешүүдө. Архитекторлордун пикиринде убакыт өткөн сайын алтын кычкылданып, мындан улам үйдүн түсү өзгөрмөкчү.
Курулуштун төмөнкү кабаттарына спа-салондор, ал эми чатырына пикник үчүн террасса салынат. Курулуп бүтө элек апартаменттин болжолдуу баасы 965 миң доллардан 6,5 миллион долларга чейин бааланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content11500
Добавить комментарий ×