Мектеп окуучуларынын жазгы каникулдары кыскартылды

8 февраля 2018 12:34 1106 Barometr
Поделиться в:
ok

Кышкы каникулдардын көп болгонуна байланыштуу Кыргызстанда мектеп окуучуларынын жазгы каникул кундөрү азайтылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Ошентип окуучулар калып калган окуу планын толтурушат.

Беш күндүк сабак берилген мектептерде толбой калган окуу сааттары март айынын ичинде алтынчы күндөрү да окуу менен толукталат. Мындай мектептерде окуучулар 21-марттан 30-мартка чейин каникулга чыгышат.

Ал эми алты күндүк окуу киргизилен мектептердин калып калган сааттары 26-майдан 30-майга чейинки аралыкта окутулат. Аталган мектептерде жазгы каникул 26-марттан 30-мартка дейре болмокчу.

Эскерте кетсек, катуу сууктан улам мектеп окуучулары 26-январда каникулга чыгып, 3-февралга чейин эс алышкан. 

Ссылка: https://barometr.kg/content11497



Добавить комментарий