Окуучу кыз сыйрытмакка селфи кылмак болуп жатып кокустан муунуп өлдү

8 февраля 2018 12:18 2385 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстанда мектеп окуучусу сыйрытмак жасап селфи кылам деп жатып кокустан муунуп калып каза тапты. Бул тууралуу Казакстандын басылмалары маалымдап жатышат.

Караганданын билим берүү башкармалыгы кыздын өлүмү тууралуу кеңири маалымат берди.

Ал көп учурда социалдык түйүндөрдө ушул эле мектептин окуучулары менен жалгыздык, түшүнбөстүк жана суицид боюнча пикирлешип турган. Ошол күнү башка мектеп окуучусу ага “өзүм да ушундай кылгам деп кийин айтканыңа жакшы, сыйрытмак жасап, ага мойнуңду салып селфи кыл”,- деп кеңеш берген.

Кыздын туугандарынын айтымында, ал муунуп калгысы келген эмес жана болгону сүрөткө түшмөк, ал тургай бир нерсе болсо кескенге деп жанына кайчы да салып алган. Бирок кыз  чөнтөгүндөгү кайчысын алып чыкканга үлгүрбөй жан берди.

Кыздын жакындары ал муз үстүндө бийлөө боюнча спорттун чебери, таланттуу жана ачык-айрым кыз болгонун айтышууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11495



Добавить комментарий