Ысык чай ичүү онкологиялык ооруларга алып келеби?

27 декабря 2021 10:15 1149 Barometr
Поделиться в:
ok

Сүйүктүү чайды суутпай ичүү организмге тескери таасирин берет экен. Бул тууралуу Кытайдын окумуштуулары изилдөө жүргүзүп, аныкташты. 

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, 9 жылга созулган изилдөөнүн натыйжасында медиктер 30 жаштан 79 жашка чейинки курактагы 456 миң адамды изилдешкен. 

Бул арада алардын ичинен 1731 адам кызыл өңгөчтүн шишик оорусуна кабылган жана алардын баардыгы өтө эле ысык чай ичкени белгилүү болгон.  

Бул тажырыйбалардын жыйынтыгына таянып, окумуштуулар 65 градус Цельсиядан жогорку температурадагы чай термикалык жаракаттарга алып келерин жана онкологиялык оорулардын пайда болушуна жол ачаарын белгилешти. 

Эң негизгиси чайды гана эмес тамакты суутуп ичүү керектигин дайыма эстен чыгарбооңуз керек.   

Ссылка: https://barometr.kg/content11492



Добавить комментарий