Казакстандын Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Карим Кокребаев дайындалат

8 февраля 2018 10:59 468 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 8-февралда, Казастан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Айымдос Бозжигитов менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы Айымдос Бозжигитовго Кыргызстандагы эки өлкө кызматташтыгын чыңдоого багытталган жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирди.

 «Биздин өлкөлөр соода-экономикалык жүгүртүүнү 1 млрд АКШ долларына дейре жогорулатуу үчүн чоң мүмкүндүктөргө ээ. Мен биргелешкен күч-аракеттер аркылуу кыргыз-казак мамилелеринин бардык тармактарында өзгөрүүлөргө жетишебиз деп ишеним билдирем», – деди Айымдос Бозжигитов.

Ал эми Акордонун басма сөз кызматынын берген маалыматына таянсак, Кыргызстанга Жамбыл областынын экс-акими Карим Кокрекбаев элчи болуп дайындалат.   

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11489



Добавить комментарий